• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жол курууда мүчүлүштүк кетсе куруучулар өз чөнтөгүнөн оңдошот

2 Кулжа 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Кытай грантынын эсебинен Борбор калаанын көчөлөрү оңдолуп, айрым жерлерге жаңы асфальт төшөлүп жаткандыгы менен Говори.ТВ агенттиги жеринен таанышып келди.

Оңдоо иштери 2021-жылдын март айында башталып, келишим боюнча ушул жылдын октябрь айына чейин аякташы керек. Учурда жалпы 28 көчөгө жол курулуп бүттү. Дагы 3 көчөнү оңдоо иштери башталганы турат.

Жол куруунун сапаты айтайын комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн. Эгерде кандайдыр мүчүлүштүк болсо, куруучу компания жоопкер болоорун Транспорт департаментинин бөлүм башчысы Темирбек Мамашев билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кытай грантынын эсебинен курулуп жаткан жолдор менен тааныштыруу үчүн мэрия атайын пресс-тур уюштурду.

Количество просмотров: 151