• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жол кырсыгынын айынан оң бутунан айрылган 1 жаш 8 айлык кызга премьер жүз мин сом бөлдү

26 Бирдин айы 2018 17:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.02.18.Govori.TV

Сапар Исаков премьер-министринин резервдик фондунан жол кырсыгынын натыйжасында жубайы каза таап, ал эми эки жашар кызы ооруканага түшүп, дарыгерлер анын бутун ампутациялоого туура келген Жыргалбек Чотонов үчүн 100 000 сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Белгилей кетсек,  9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, кызы оң бутунан толугу менен ажырап калды.

Количество просмотров: 27