• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жол кыймылынын эрежесин бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынды 

18 Жалган куран 2024 18:10 Бишкек Govori.TV

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынып, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды.

Белгилей кетсек, ички комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлөт. Бирок, жарандардан түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын санына жараша жумасына эки жолу жыйын өткөрүүгө болот.

Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 10 айдоочу жумуштан алынып, 21 айдоочу сый акысынан ажыратылган.

Количество просмотров: 143