• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жол кырсыктан 1 адам көз жумду. Бишкекте жаңы жылдык түн кандай өттү? 

1 Үчтүн айы 2021 13:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 31-декабрдан 1-январга чейин жаңы жылды тосуу дээрлик тынч өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жаңы жылга карата өлкөнүн аймагында коомдук коопсуздукту 13 миңден ашык милиция кызматкери камсыздады.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери, ИИМдин Ички аскерлеринин бөлүктөрүнүн аскерлери коомдук тартипти толук кандуу камсыздашып, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Республика боюнча криминогендик кырдаал тынч болуп, башка күндөргө салыштырмалуу кылмыштар аз катталды», — деп айтылат маалыматта.

Нөөмөт бөлүмдөрүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 31-декабрь күнү 184 арыз катталды. Алардын ичинен 112 факт кылмыш, 72 факт жоруктар. 18 жол кырсыгы болуп, 1 адам көз жумду. 19 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 3542