• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол кырсыктан беш адам каза болду

16 Бештин айы 2018 22:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.12.2018.Govori.TV.

Токмокко жакын жерде болгон жол кырсыктан беш адам каза болду. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. 

Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жайгашкан трассада бүгүн, 16-декабрда бир нече машиненин катышуусунда катуу авария болду. 

Облустук милиция жол кырсыгынын курмандыктары боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Алгач үч адам каза тапканы айтылган, бирок такталган маалыматтар боюнча 5 киши мерт болгону аныкталды. Дагы эки адам жаракат алган. 

Интернетке күбөлөр тарткан видеолор тарады. Анда аварияда «Тойота Ипсум» жана «Вольксваген Пассат» үлгүсүндөгү машинелер кагылышканын, «Пассат» толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.

Количество просмотров: 27