• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жолдорду оңдоону кечиктиргендерге УКМК кылмыш ишин козгоду

24 Теке 202415:58 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) борбор калаанын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары аныкталганын билдирди.

2023-жылдын башында «Бишкекасфальтсервис» 19 көчөнү жана троутарларды оңдоо үчүн өткөргөн тендердин жыйынтыгында, аны 145 миллион сомго «Б.Г.» ишканасы жасай турган болгон. Жумуш 2024-жылдын мартында аякташы керек болсо да, ушул тапта да бүтө элек.

«Б.Г.» ишканасы иштин создугушуна техниканын жетишсиздигин, мыйзамсыз курулуштарды, бактарды кесүү, электр мамыларын которуу сыяктуу жүйөлөрдү келтиргени менен атайын кызмат бул айтылган себептер тастыкталбаганын белгилейт.

УКМКнын маалыматына караганда «Б.Г.» ишканасы бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик бергенин кошумчалады. Жана кайсыл берененин негизинде кылмыш иш козголгонун айтышкан жок.

Теги:
Количество просмотров: 157