Жолдубаева КСДПдан чыгарылган депутат Рыспаев өз сөзүнөн танып жатканын билдирди
Жолдубаева КСДПдан чыгарылган депутат Рыспаев өз сөзүнөн танып жатканын билдирди
30 Баш оона 2018 12:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.08.2018.Govori.TV.
КСДПнын саясий кеңеши жыйында партиянын катарынан чыгарылган депутат Кожобек Рыспаев: » Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз», — деген пикиринен танып жатканын, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан.
Уважаемые коллеги! Исключенный решением Политического Совета СДПК депутат Кожобек Рыспаев отрицает свои же слова: "Если…
«Мага “Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга КСДПны айыптаган” деп кине тагып жатышат. Мен эч качан антип айткан эмесмин, ага акым да жок. Анткени буга партиянын кандай тиешеси бар? Экинчиден алар айтып жаткан Нурлан Өмүркул уулуна эч кандай тиешем жок. Мен аны кызматка сунуштаган эмесмин, эч жерде коргогон эмесмин. Тескерисинче, мен жетектеген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин корутундуларында ага карата бир топ эскертүүлөрдү келтиргем. Мунун баары жөн гана шылтоо. Мен партиянын төрагалыгына Алмазбек Атамбаев шайланган съездге барбай калганым үчүн гана мени мүчөлүктөн чыгарып коюшту. Келбей койду, демек биз менен эмес дегендей чолок ой болуп жатат. Ооба, мен ал жыйынга бара албай калгам, бирок эч жерде мен партияны жамандап сүйлөгөн эмесмин. Мен Атамбаевге каршы эч жерде сүйлөгөн эмесмин, аны менен мамилем начарлап кетти деп да айта албайм. Мунун баары анын тегерегиндегилердин иши болду. Чыгарса чыгара беришсин, мен ага кайгырбайм»,- деген оюн билдирген.