• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумгалдагы жер көчкүдөн суу түтүгү жабыркады

3 Бештин айы 2018 15:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесинде 1-декабрда түш ченде көлөмү 35 000 куб метр болгон көчкү жүрдү. Көчкү аталган аймактагы көмүр казган ишкананын аймагында болуп, таза суу түтүгү жана эки электр зым карагайы жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Аталган мекеме азыр жер көчкү акырындык менен жылып баратканын, бирок турак үйлөргө коркунуч жок экенин билдирүүдө.
Учурда тиешелүү мекемелер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерин аткарып жатат.
Количество просмотров: 20