• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналист Эльнура Алкановага козголгон кылмыш иши токтотулду

27 Чын куран 2018 17:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.04.2018. Govori.TV.
Журналист Эльнура Алкановага козголгон кылмыш иши токтотулду/ Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди. /
Эсиңиздерде болсо Эльнура Алкановага карата Максим Бакиевге таандым деп эсептелген, 2010-жылдан кийин улутташтырылган “Идеал Хаус” котедждеринин сатылышы боюнча журналистик иликтөөсу себеп болгон.
Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салышкан эле.
Журналист Элнура Алканова “Fergana.ru” маалымат порталына «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги сатылган коттеждерди сатууда «мыйзамсыз иштер бар, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашкан» деген көз карашын билдирген.
Бул үчүн өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналисттен өкмөт башчыдан кечирим суроону талап кылган. Журналист кечирим сураган эмес. Көп өтпөй Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоп, Элнура Алканованы адегенде күбө катары сурап, кийинчерээк ага айып такканы маалым болду.
Буга чейин «Идеал Хаус» чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.​ Алар «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан «Идеал Хаус» комплексиндеги имараттарды сатууда «бааларды арзандатууга катышы бар» деп шек саналууда.
2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аталган комплекс жайгашкан 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.
Количество просмотров: 18