• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Журналист сот кызматкерлерине каршы милицияга арыз жазды

2 Бугу 2023 15:05 Бишкек Govori.TV

Журналист өзүнө карата күч колдонуу менен Бишкек шаардык сотунун имаратынан сүйрөп чыгарып салган сот кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазды.

Журналист арызды Бишкектин Биринчи май РИИБге жазып, окуя учурунда тартылган видеону арызга тиркеген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-майда Govori TV агенттигинин кабарчысы Гулназ Мидин кызы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, эч себепсиз эшикке чыгарып салышкан.

Ал белгилегендей сот отуруму али баштала элек болчу.

Окуядан соң ал сот аткаруучуларга карата чара көрүү арыз менен сот департаментине кайрылган, жана ал жакат кызматтык иликтөө болорун кабарлашкан.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандарды абакта кармоо мөөнөтү боюнча маселени карап баштады.

Количество просмотров: 78