Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы ИИМге жөнөтүлдү
Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы ИИМге жөнөтүлдү
16 Баш оона 201817:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.08.2018.Govori.TV.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эгизбаевдин өлүмүн иликтеп жаткан тергөөчү Сүйүнбек Муңайтпасов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, экспертизадан «Эгизбаевдин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон» деген бүтүм чыккан.
Ошол эле кезде Уланбек Эгизбаевдин ашказанынан уулануунун белгилери аныкталган эмес.
Мындан тышкары буга чейин көп суроолорду жараткан Уланбек Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар боюнча экспертиза алар маркум каза болгондон кийин пайда болгон деп белгилеген.
ИИМдин өкүлү экспертизанын жыйынтыгы талданарын, тергөө иштери уланарын жана бардык маалыматтар каралып чыгарын кошумчалады.
Эске салсак, курч иликтөөлөр менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.
Көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСадыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку …