Баткенде 7-8-сентябрь күндөрү журналисттердин “Ийгиликке кадам” аталышындагы форум өтөт. Ага 80ге чукул журналист катышат.
Форум Журналисттер коомдук бирикмеси менен Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына карата уюштурулууда.
Журналисттер форумдан сырткары Баткен облусунун туристтик өзгөчөлүктөрү менен да таанышат.