• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналисттин сабалышы боюнча милиция маалымат берди

27 Тогуздун айы 2022 14:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте журналист Бактурсун Жоробековду сабап, тоноп кетишти. Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы окуя боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 27-октябрда милицияга аталган факт боюнча Ж.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

«Ал арызында кечээ, 26-октябрда Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, Samsung үлгүсүндөгү телефонун, 3,5 миң сом акчасын тартып алынгандыгын билдирип, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 504