• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Зилалиев 2 айга камалды

10 Бештин айы 2018 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камалды. Мындай чечим кечээ, 9-декабрда Биринчи май райондук сотунда чыкты.  Бул туурасында анын жактоочусу билдирди. Адвокаттын билдиришинче Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Ал көрсөткөн декларациясында айрым мүлкүн жашырган деп айыпталууда.

Зилалиев өзү сот Кайыповдун бул чечимине макул эмес экенин айтты. Райондук соттон чыккан Зилалиев «жок, мен макул эмесмин, анын баарын угасыңар»,-деп кыскача жооп кайтарды.

Буга чейин анын жактоочусу Учкун Каримов  аны эмне себептен кармаганын айтып берген.  Маалым болгондой Зилалиевге «мыйзамсыз баюу»  беренеси менен иш козголуп,  айыбы угузулган. Зилалиев УКМК кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Бишкектеги үйүнөнкармалганы маалымдалган.

Количество просмотров: 16