• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Зулушев: 6 айдын ичинде 352 гектар жер мамлекетке кайтарылды

19 июля 2022 11:33 Бишкек Govori.TV


2021-жылы өлкө аймагында 1125 га, ал эми 2022-жылдын 6 айында 352 га мыйзамсыз берилген ар кандай багыттагы жерлер кайтарылган. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Координациялык кеңешменин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинде жана анын түзүмдөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракеттенүү, архитектура жана шаар курулуш, жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилген.

«Анын жыйынтыгы менен көптөгөн мыйзам бузуулар, анын ичинде шаар куруу документтеринин бардык түрлөрүн иштеп чыгууда, контролдоодо, курулуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүү долбоорлорун кароодо жана бекитүүдө тийиштүү деңгээлде камсыз болбогондугу, социалдык маанидеги объекттердин айрымдары өз учурунда тиешелүү деңгээлде каржыланбай, каржыланган объекттердин курулушу өз убагында аяктабагандыгы аныкталган. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү курулуш көзөмөлү жоктугунан улам өз билемдик менен салынып жаткан курулуштардын саны көбөйүүдө. Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өзгөчө калктуу конуштардагы жер тилкелерин берүү үчүн зарыл чечимдерди кабыл алууда, же башка мыйзамсыз кызыкчылыкарды ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүсү, учурдагы системдик көйгөйлөрдүн жаралышынын себептеринин бири болуп келүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 119-беренесинин 3-пунктуна атайын өзгөртүүлөр киргизилип, жер укуктук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин доону камсыз кылуу боюнча чара катары объекттин курулушун токтотууга тыюу салынаары белгиленген. Бул ченем курулушчуга соттук териштирүүлөргө карабастан мыйзамдарды бузуу менен берилген жер участогунда капиталдык объекттерди курууну аяктоо мүмкүнчүлүгүн берет жана анын натыйжасында кийин бул курулушчуга жер участогун берүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө соттук чечим чыгарылса да мыйзамдуулуктун бузулушун реалдуу жоюу мүмкүн эместиги жаралат. Ошондой эле, жерлерди бөлүштүрүүдө жергиликтүү бийлик, архитектура жана башка органдардын ортосунда туруктуу коррупциялык схемалары орун алгандыгы бардыгыбызга маалым. Албетте, көйгөйлөр өтө көп. Аларды жөн эле курулуш долбоорлорун токтотуу менен чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан архитектура багытын өнүктүрүүгө болгон мамилени кайра карап чыгып, талаптарды күчөттүү зарыл деп эсептейм»,-деди Зулушев.

Количество просмотров: 761