Уранды алдында калган тажикстандык жарандын сөөгү кырсык болгон күнү эле табылган. Ал эми эки кыргызстандык жарандын сөөктөрү бир күндөн кийин, 20-августта табылды.
«Ушул тапта сөөктү таануу иштери жүрүп жатат. 1995-96-жылдары туулган балдар экен. Эртең сөөктү Сахалинге алып барып, экспертизадан өткөргөндөн кийин Кыргызстанга жиберилет. Каражат топтоо иштери башталды»,- деди издөө иштерине катышкан Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев.