• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

10-февралга чейин Бишкектин он кесилишинде камера орнотулат

8 Үчтүн айы 2019 11:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мэриясы 10-февралга чейин Бишкек шаарынын он кесилишине камера орнотуларын кабарлады. Камералар «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде болот:

1. Жибек Жолу — Жаш Гвардия бульвары;

2. Чүй — Юлиус Фучик;

3. Чүй – Бүбүсара Бейшеналиева;

4. Жибек Жолу — Юлиус Фучик;

5. Чүй — Жаш Гвардия бульвары;

5. Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов;

6. Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов;

7. Чүй — Курманжан Датка;

8. Москва – Жусуп Абдрахманов;

9. Максим Горький – 7 апрель.

Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания аны 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон.

Бул каражатты «Вега» компаниясы долбоорго салып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат. Орусиялык компания долбоорго жумшаган акчасынын ордун ушундай ыкма менен толтуруп, пайда көрмөкчү.

Булак: Азаттык

Теги:
Количество просмотров: 8