• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

11 медкызматкерден коронавирус табылды

10 Баш оона 202011:45 Бишкек Govori.TV

Өлкө боюнча акыркы суткада 11 медкызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Нарын облусунда 1, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 4 жана Жалал-Абад облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган»,-деп айтылат маалыматта.

Ошол элеучурда 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 959 учур катталып, алардын ичинен 2 миң 178 медкызматкер айыккан.

Количество просмотров: 88