15-августка карата коронавирус дагы 12 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында 2 кызматкерден, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда — 1, Баткен облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда — 1, Ош облусунда 3 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.
Ошол эле учурда 9 медицина кызматкери коронавирустан айыккан. Андан сырткары үй карантининен 18 медицина кызматкери айыгып чыгарылган.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жалпы 3 миң 18 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 2 миң 315 медкызматкер айыгып чыкты.