• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте окуучу кыздар мушташты (видео)

11 Жалган куран 2021 10:27 Бишкек Govori.TV


Социалдык тармактарда өспүрүм кыздардын мушташкан видеосу тарады. Буга байланыштуу Ленин РИИБине байланышканыбызда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган «кыздардын массалык мушташы» аттуу видеого төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 9-мартта окуучу кыздардын ортосунда Фучик көчөсүндө болгон. Ал эми бул факты боюнча «102» кызматына эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаңжалга тиешеси бар бардык окуучулар аныкталды. Алар 2007-2008-жылы туулган. Кыздар кармалып, иштин бардык жагдайларын ар тараптуу тактоо үчүн Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат», — деп билдиришти Ленин РИИБинин маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене «бейбаштык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Буга чейин социалдык түйүндөргө өспүрүм кыздардын мушташып жаткан видеосу тараган. Тасмадан кыздар бири-бири менен чачташып, мушташып жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 815