• Бейшемби 4 Жалган куран 2021

15-февралда балдарды мектепке онлайн каттоо башталат (байланыш номурлары)

3 февраля 2021 в 10:56 Бишкек Govori.TV

15-февралда Бишкек шаарындагы мектептерге 2021-2022-жылга 1-класска балдарды кабыл алуу боюнча электрондук каттоо ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жаңы окуу жылына 1-класска балдарды онлайн-каттатуу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/. сайтаны кирүү керек.

Каттоо бир этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси, жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси, жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, каттоодон өз убагында өтүү үчүн зарыл документтердин электрондук вариантынын болушун камсыздоо керек:

Ата-энелердин биринин же билдирүү берип жаткан мыйзамдуу өкүлдүн паспорту;

Жашаган жеринен справка;

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Бизге балдарды электрондук кезекке каттоо боюнча көптөгөн суроолор келип жатат, ушуга байланыштуу ата-энелердин бардык суроолоруна жооп берген жооптуу билим берүү кызматкерин аныктадык.

Бишкек шаары боюнча – 613972, 612340.

Биринчи май району – 660689;

Ленин району – 656893;

Свердлов району – 536338;

Октябрь району – 511820.

Техникалык колдоо үчүн: 0706122211, 0776122211, 0556122211.

Количество просмотров: 304