• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

15-февралдан тарта убактылуу айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтү аяктайт

14 Бирдин айы 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-февралдан тарта убактылуу айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Ахмед Нурманбетов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, мөөнөтү бүткөн жана убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларга карата мыйзам чегинде чара колдонулат:

«Аларды аныктоо үчүн атайын рейддик иш-чаралар болбойт. Бирок жол эрежесин бузуп, алмаштырылбаган же убактылуу күбөлүгү менен жүргөнү аныкталса, айдоочу мыйзамга ылайык миң сом өлчөмүндө айыппул төлөйт, машинасы айып токтотмого коюлат. Айдоочу өзү унаа айдоо укугунан күбөлүгүн алмаштырганга чейин ажыратылат.»

«Унаа» мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, былтыр июнь айынан декабрга чейин 49 миң жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен 38-39 миң айдоочу күбөлүгүн колуна алган.

Ал эми мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын ичинде жарактуу болуп кала берет.

Кыргызстанда 2011-жылы берилген айдоочулук күбөлүк жана автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылган «Атлас Крипт» ишканасы менен түзүлгөн келишим былтыр апрелде аяктаган.

Натыйжада 56 миң кишиге убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр декабрдан тарта берилип келди.

Расмий маалымат боюнча мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Количество просмотров: 1213