• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024
sputnik.kg сайтынын сүрөтү

1,7 млрд. сомго курулган Чолпон-Атадагы ат майдан  эки жылга жетпей 10 млн. сомго оңдолот

27 Жалган куран 2018 10:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.01.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитети Чолпон-Ата шаарындагы жаңы курулган ат майданды оңдоп-түзөө үчүн бюджеттен 10 млн. сом бөлүү боюнча каржы министринин суранычын канааттандырды. Бул боюнча ЖКнын сайтынан белгилүү болду.
Көрсө, быйыл 3-жолу өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр  Оюнуна байланышуу ат майдандын айрым жерлерин жаңылап, жаңыртууга муктаждык пайда болуптур.
Эске сала кетсек, 2016-жылы эле аталган ат майданды реконструкциялоого бюджеттен 1 млрд. 584 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми  2014-жылы болсо 72 млн. 500 миң сомго ат майдан реконструкция жасалып, бирок, ишти аткарган жеке компаниянын башчысы Эркин Мергенбаев 1,5 млн. сомду “солго сологондугу” үчүн деп кылмыш жообуна тартылган эле. Ал болсо өзүнүн ак экенин, артынан түшүп алгандардын башында азыркы Өкмөт башчы Сапар Исаков турганын айтып келет.
Количество просмотров: 34