• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

17 жыл үңкүрдө жашаган качкын кармалды

30 Аяк оона 201921:57 Бишкек Govori.TV

Кытайдын түштүк – батышындагы Юннан аймагында 17 жылдан бери издөөдө жүргөн качкын үңкүрдөн кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Сонг Чанг аттуу 63 жаштагы качкындын жашырынган жери дрондун жардамы менен аныкталып, 17 жыл  жалгыз бир үңкүрдө жашагандыгы белгилүү болгон.

Адам уурдоо менен күнөөлөнүп, абактан 2002 — жылы качкан Сонг  дрондун жардамы менен кармалып, кайрадан абакка жиберилди,–деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 300