Бүгүн 9 сентябрда 1700гө жакын адам УКМКнын башчысы Опумбаевге, УКМКнын Альфа атайы бөлүгүнүн башчысына жана ошондой эле ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгоону айтышып Башкы прокуратуранын жамааттык билдирүү менен кайрылышты. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков жазды.
Султанбековдун айтымында чогулгандар азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине юридикалык баа берүүнү талап кылышууда.
Ал эми арызда, «7-августта 18:30да мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө эксперт Болот Айткуловдун лекциясы башталган, ага элдер чогулган эле.
А 19:50да Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн тосмосунан секирген маскачан жана куралчан адамдар кирип келип тынч турган жарандарга ок атып, ур-токмокко ала баштаган»,- деп жазылууда.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камалган.
Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканын билдирген.