Бишкек шаарында 28-августта эртең менен эркек адамдар арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен алардын бири комага түштү. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген.
Болгон окуянын толук видеосу жана жабыркагандардын сүрөттөрү интернетке жарыяланды.
Мушташтын кесепетинен 1988-жылы туулган М.А. жана Б.У. аттуу жарандар катуу сабалган абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.Бишкек ШИИББинин билдирүүсүндө аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138 (денеге оор залал келтирүү) жана 266 (бейбаштык) беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Сүрөттөр SUPER.KG порталынан алынды.