• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

19-мартта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

18 Жалган куран 201915:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 19-мартта өлкөдө түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз +14…+19,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз +14…+19,

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз +15…+20,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8 градус болот.

19-мартта Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.

Теги:
Количество просмотров: 28