• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

31 Баш оона 202012:03 Бишкек Govori.TV

Бир суткада өлкө боюнча 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калды. Ошол эле учурда бир күндө 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3133 учур катталды, алардын ичинен 2471 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 66