• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

2 медкызматкер вирус жуктурду

29 Аяк оона 202010:54 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 медкызматкер илдет жуктурду. Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 243 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 992 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 65