• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

20-март. Күндүн ыргагы… Асылбек Жээнбеков үн катты. Атамбаев кетти. “Крысалар” дагы эле жүрөт.

20 Жалган куран 2018 18:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.2018 Govori.TV

Жаз менен кошо кызыган саясат

Эртең  күн менен түн теңелет. Бүрсүгүндөн тарта күн узарып, түн кыскара баштайт. Караңгылык менен жарыктыктын күрөшүндө, жарыктык жеңип, аны менен бирге күн жылып, тал-теректер бүрдөп, жашыл шибер баш багып, тирүү жандыктардын баардыгы ойгоно баштайт.

Кыргызстанда саясатчылар жаз келээри менен жанданып, элдин дагы саясий активдүүлүгү күчөп кетээрине бир эмес эки революцияны мисал келтирсек болот. Сыртынан стабилдүү көрүнгөнү менен быйылкы жазда деле саясат кызуу болгон атат окшойт.  Хан ордодо шыбыр-күбүр кептер акырындан ачыка чыга баштады. “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаев, саясий маданияттулукту мындай жыйыштырып коюп эле баягы бийлик тушундагыдай “балп” этти.

“Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан баш тартуу үчүн, Жогорку Кеңештеги иниси Асылбек Жээнбеков мурда айткан сөзүнө туруп, мандатын тапшырсын”,-деди Мээрбек Мискенбаев.

Мискенбаевдин бул сөзү коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Мурдагы партиялашы же азыр деле партиялашпы ким билсин, Рыскелди Момбеков деген депутат, -“Мискенбаев чагымчылык кылбасын. Асылбек Шарипович агам президент болсо эле мандатымды тапшырам деп эч качан айткан эмес деди”.

Мээрбек Мискенбаевдин бул айткан сөзү, өзүнүн жеке пикири экендигин “Апрель революциясынын” бир катар өкүлдөрү айтып чыгышты. Биз Сооронбай Жээнбековду колдойбуз деген революционерлер, бийлике жетүү үчүн айрым адамдар алардын атын сатып жаткандыгын айтышты.

Көптөн бери күттүргөн Асылбек Жээнбеков акыркы ооз ачты. Ал эч кандай мандат тууралуу маселе жок экендигин айтып, бул Мээрбек Мискенбаевге окшогон “провакторлордун” иши экендигин айтты.  

КСДП фракциясы чогулуп, съезд тууралуу сүйлөшүштү.

Ал учурда КСДП партиясынын съездин өткөргөнгө камылгалар катуу көрүлүүдө. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы майрамдын алдында, жабык эшик артында кезексиз жыйын өткөрүштү. Кун тартиби тууралуу жыйындын башында дагы, аягында дагы айтылган жок. Иса Өмүркулов баарын жакында ачыка чыгарабыз деп убада кылды.  Фракция жыйынына Фарид Ниязов өзү келип,  депутаттарга съезде эмне кылыш керек деген инструкцияларды бергени айтылууда.  Эми депутаттар анын айтканын “лам”  деп аткарып береби же моюн толгоп кетеби. Эгер партия жетекчилигин укпай койсо эмне болот?  Мурда жабылып кеткен иштердин кайра ачылып кетип жатканы КСДП съездине тиешеси жокпу?-деген аргасыз суроо туулат. Эмнеси болсо дагы кызыктын баары алдыда болгону калды окшойт.

 

Атамбаев кетти. “Крысалар” дагы эле жүрөт.

Алмазбек Атамбаев милицияларга үй берип жатканда, укук коргоо органдарынын арасында “крысалар” толтура экендигин айтканы эсибизден чыга элек болсо керек. Ошондо ал мөөнөтүм бүткөнчө “крысалардын” баарын тазалайм деген эле. Тилекке каршы үлгүрбөй калган окшойт.

Кечээ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери 5000 доллар пара алып жатып кармалса, бүгүн Банги затына каршы күрөшүу кызматынын кызматкери 19 киллограмм авган гашиши менен колго түштү.  Ошол күрөшкөндөрдүн өзүлөрүнүн кылганы ушул болсо, “карышкырга кой кайтартып эле жүрүптүрбүз.

 

Тойду кандай өткөрүш керек

Тажикстан менен Өзбекстанда актуалдуу болуп жаткан той маселеси Кыргызстанда көптөн бери эле айтылып келе жатат. Тажикстанда мыйзам кабыл алынган, Өзбек президентти Шавкат Мирзёев бул тууралуу атайын мыйзам кабыл алаарын айтты. Эми биз эмне кылабыз?

Кыргызстанда тойдогу ысырапкорчулукту азайтуу үчүн атайын мыйзамдын кереги жок. Жөн гана эреже иштеп чыгыш керек. Ал жерде той канчадан канчага чейин болуш керек. Дасторкон кандай болсо жакшы болот. Тойдо эмне кылыш керек, кылбаш керек дегендер жазылыш керек дейт,-профессор Үмүт Култаева.

Ал эми маданият министрлиги тойлорду өткөрүү форматын иштеп чыккандарга сынак жарыялаптыр.  Тойду мындай өткөрөсүңөр десе эле көнүп кетчү эл болсок гана.

Количество просмотров: 47