Бишкек.20.12.2018.Govori.TV.
21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -11…-16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -11…-16 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.