Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ш. – 2, Ош ш. – 3, Баткен облусунда – 3, Ош облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 3, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2 медкызматкер вирус жуктуруп алды.
Ошол эле учурда акыркы суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3437 учур катталып, алардын ичинен 3089 медкызматкер айыгып чыкты.