26-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлеринде кар жаайт. Ал эми Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10 суук болот, күндүз -2…+3
Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.
Бишкек түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус суук болот.