• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Чүйдө 4 унаанын катышуусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

15 Жалган куран 202113:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-мартта Кемин районунун аймагындагы Бишкек – Торугарт трассасы менен айланып өтмө жолдун кесилишинде 4 унаа кагышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы баркармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, тез жардам унаасы келип, азыркы учурда жеринде иш жүрүп жатат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Хонда Инспайер» унаасында бир курмандык бар. Учурда тергөө-ыкчам тобу жеринде иш алып барууда. Жол кырсыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 6915