• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте көчөгө ымыркайын таштап кеткен эне 40 күндөн бери табыла элек

29 Чын куран 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

19-мартта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, апасы изделип жатканы кабарланган. Бир айдан ашык убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, баланын апасы табыла элек, аны издөө иштери уланып жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене («коркунучта калтыруу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эске салсак, ымыркай 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон абалда табылып, балдар үйүнө жеткирилген.

Количество просмотров: 109