• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгындагы «БМВ Х5» унаасынын айдоочусу камалды

4 Аяк оона 2019 16:24 Бишкек Govori.TV

«БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Мындай чечим 4-сентябрда Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылды.

Соттон кийин аялды Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткиришет, ал жактан операциядан кийин дарылануудан өтөт. Жол кырсыктан кийин ал баш мээсинен жаракат алып, акыреги сынган.

Кээ бир маалыматтар боюнча аны убактылуу кармоочу жайга 5-6 күндөн кийин жиберишет.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 30-августта Сары-Камыш айылы менен Балыкчы шаарынын ортосунда кырсыкка кабылган «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унааны айдап келе жаткан Е.Ф. аттуу айым мас абалда болгон.

Маалыматка караганда, кырсыктан кийин аял медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мас абалда экендиги такталган.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдөгү Балыкчы—Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыктын кесепетинен 5 адамдын өмүрү кыйылып, 2 адам жаракат алгандыгы кабарланган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 30-августта саат 17:30 чамасында «БМВ Х5» жана «БМВ 530» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон. «БМВ Х5» унаасы Кант шаарында жашаган 41 жаштагы аял кишинин башкаруусунда болчу. Ал эми «БМВ 530» унаасын Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну (эркек киши) башкарып жүргөн.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 134