• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

5 айда жол кырсыктан 233 киши каза болду

29 Кулжа 2021 16:01 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.

Каза болгондордон тышкары, акыркы беш айдын ичинде жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 4 302ге жетти. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырган болчу.

Количество просмотров: 142