• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

2-6-класстардын окуучулары үчүн окутууну реалдуу режимде уюштуруу жөнүндө буйрук чыкты

3 Тогуздун айы 2020 10:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 30-сентябрындагы өлкөнүн аймагында коронавирус инфекциясын (COVID-19) алдын алуу жана андан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча Республикалык штаб тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 6-октябрынан тартып менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2-6-класстарынын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарды.

Буйрук менен окуучуларды мектепке кабыл алууга даярдануу максатында 2020-жылдын 5-октябрында массалык дезинфекциялык иш-чараларды уюштуруу боюнча тапшырма берилди.

Билим берүү процессин уюштурууда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-октябрындагы биргелешкен буйругу менен бекитилген коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды (COVID-19) сактоо боюнча иш-аракеттердин Алгоритмин жетекчиликке алуу тапшырылды.

Билим берүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө окуучулардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүү, ар бир мектеп боюнча окуучулар жана мугалимдер арасында респиратордук оорулар көбөйгөндүгү аныкталган учурларда ыкчам түрдө аймактык саламаттык сактоо органдарына токтоосуз маалымдоо үчүн жооптуу адамдарды дайындоо боюнча тапшырма берилди.

Жалпы билим берүү уюмдары жайгашкан жерлерде эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткен учурлар байкалса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана саламаттык сактоонун аймактык органдары менен биргеликте (COVID-19) коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу менен аралыктан (онлайн) окутууга өтүүгө чейин чараларды көрүү зарыл.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине ар бир окуучунун ата-энеси (аларды алмаштыруучу жактар) менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө келишим түзүү тапшырылды.

2020-2021 – окуу жылында билим берүү уюмдарындагы 1-6- класстардын окуучуларынын билим берүү процесси реалдуу режимде башталган  учурда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын – алуу боюнча санитардык –гигиеналык, эпидемияга каршы иш- чараларды ( COVID-19) сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми

Бул Алгоритм жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары — мекеме) 1-6-класстарынын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштурууда окуучулардын өмүрүнүн жана ден-соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

ТалаптарТалаптарды аткаруунун шарттары
Кирүү фильтрин уюштуруу— ар бир келген адам үчүн антисептик менен колду тазалоо, температураны өлчөө менен бардык кызматкерлердин жана окуучулардын дене температурасын өлчөө үчүн жооптуу адамды аныктоо (контактсыз термометр менен) жана көзөмөлдөө журналын уюштуруу;- мектептин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүндө респиратордук белгилердин болушун же жок экендигин сурамжылоо, мектептин кызматкерлерин текшерип туруу (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, баш оору ж.б.); жогорудагы журналга  жазууларды жүргүзүү менен;- дене табы жогору болгон жана курч респиратордук оорунун белгилери бар адамдарды жумуш ордунан милдеттүү түрдө четтетүү;Эгер окуучуда ооруу белгилери байкалса, дароо ата-энесине кабарлап, аларды үйүнө жөнөтүү зарыл. 
 Имаратка жана жайларга карата талаптар— мекеме дезинфекциялык иштерге жооптуу адамды дайындайт жана дезинфекциялык режимди тиешелүү иш-чаралар менен күчөтүү боюнча, анын ичинде талап кылынган концентрациядагы каражаттарды пайдалануу боюнча көрсөтмөлөрдү берет (милдеттүү белгиси менен); — Желдетүү жана тазалоо графигин түзүү (генералдык, учурдагы жана акыркы);- мектептеги ашканалардын жана буфеттердин ишин санитардык эрежелердин талаптарына ылайык так уюштуруу;- ар бир тамактын алдында жана кийин тамактануучу столдорду жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоону камсыз кылуу;- окуучуларды кабыл алганга чейин, жуугуч жана дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен бардык жайларды жалпы тазалоону жүргүзүү;- күн сайын жана ар бир сменадан кийин аудиторияларды, коридорлорду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жууп-тазалоону камсыздоо, анын ичинде каалганын туткаларын, столдун кармагычтарын, отургучтардын жөлөнгүчтөрүн, жарыкты өчүрүп, күйгүзгүчтөрдү, оргтехникаларды, телефондорду ж.б. сүртүү;-жуунуучу жайларды, дааратканаларды, кол жуучу раковиналарды, суу агуучу бактарды ж.б. дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоону күнүнө кеминде 2 жолу жүргүзүү;- объекттин аймагындагы  таштандыларды дайыма чыгарып туруу, анын топтолушуна жол бербѳѳ.- желдетүү системасын тазалоо, анын ишинин натыйжалуулугун текшерүү; — бөлмөдө нормалдуу аба алмашууну камсыздоо жана  кирүү-чыгуу вентиляция системасынын иштөөсүн камсыз кылуу менен бөлмөнү ар бир сменадан кийин жана тыныгууларда дайыма желдетип туруу (күнүнө 15 минутадан 4-5 жолудан кем эмес);- күз-кыш мезгилдеринде температуралык режимдин сакталышын камсыз кылуу;
Жанаша жайгашкан  территорияга  карата талаптар— мекеменин аймагында жайгашкан бардык имараттарды туруктуу негизде дезинфекциялап туруу;- объекттин чектеш аймагында төмөнкүлөр зыянсыздандырылат: балдар ойноочу аянтчалар, отургучтар, беседкалар, таштанды челектер, кармагычтар, каалганын туткалары. Дезинфекция сугат ыкмасы менен жүргүзүлүшү керек.
Өздүк гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттарды түзүү— окуучулардын, ошондой эле күн сайын окуучулар  менен контактта болгон мекеменин кызматкерлеринин ден соолугунун абалына медициналык көзөмөлдү күчөтүү;- класстардын кире беришине тазалоочу каражаттарды (санитайзерлерди) орнотуу (ар бир келген адам жооптуу кызматкер тарабынан колунун тазалоону көзөмөлдөөсү менен) жана ар дайым мугалимдин столунда колду тазалоо үчүн антисептикалык спрейдин болуусу;- мүмкүнчүлүктүн болушунча көбүрөөк кол жуу үчүн орундарды камсыз кылуу;- колду жуунун эрежелери жөнүндө нускаманы илүү;- кызматкерлерди өздүк гигиена каражаттары (суюк самын, сүлгү, дезинфекциялоочу эритмелер жана майлыктар, антисептиктер) менен камсыздоо;- окуучулар, кызматкерлер үчүн жуунуучу бөлмөлөрүндө самындын, даарат кагаздын туруктуу болушун камсыз кылуу жана колду тазалоо үчүн антисептиги бар дозаторлорду орнотуу; — — билим берүү процессин уюштурууда бет кап тагуу тартибин сактоо
Аралыкты сактоо,көп адамдардын топтолуусун алдын алуу— окуучулардын, кызматкерлердин ортосундагы социалдык аралыктын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуу жана  жыштыкка жол бербөө;-мугалимдин  столуна колду тазалоо үчүн спрей-антисептикти коюу;-мекеменин имаратында маданий — массалык иштерди өткөрүүгө тыюу салуу;- келүүчүлөрдүн (ата –энелер, башка уюмдардын өкүлдөрүн ж.б) киришин чектөө
Окуу процессин уюштуруудагы талаптар— мектепте окуучулардын саны 200 гө чейин болсо, окуу планы боюнча  бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат.- мектепте окуучулардын саны 350 ге чейин болсо, окуу планына ылайык ийкемдүү расписание боюнча окуу процесси уюштурулат (мисалы: сабактардын башталышы  ар кандай убакытта, ар кандай убакыттагы тыныгуулар, 1-2-класстарда сабактын башталышы  8.00дө, 3-4-класстарда 8.30.да  ж.б.);- мектепте окуучулардын саны 500 гѳ чейин болсо,  жалпы  окуу планында бекитилген так расписаниеге ылайык, смендик окуу процесси уюштурулат, мисалы,   1,2,3- класстар – 1 сменде, 4,5,6- класстар 2-сменде окушат.  (ашканада тамактануу процесси да сменалар боюнча  уюштурулат);- мектепте окуучулардын саны 500 жана 500 дөн жогору  болсо, окуу планында бекитилген так расписаниеге ылайык 2 сааттан кем эмес интервалы менен смендик окуу процесси  уюштурулат (1,2,3- класстар – 1 сменде, 4,5,6- класстар 2-сменде окушат). Смендердин ортосундагы 2 сааттык интервалда  дезинфекциялык иштерди жүргүзүү, кабинеттик системаны жокко чыгаруу (башка корпустарга, башка кабаттарга окуучуларды жайгаштыруу), ашканада тамактануу процесси да сменалар боюнча  уюштурулат.        Климаттык шарттарды эске алуу менен “Турмуш тиричилик коопсуздугу”, “Мекен таануу”, “Адеп”, “Дене тарбия” сабактарын таза абада да  өткөрүү.Окуучулардын саны 500 жана андан жогору болгон жалпы билим берүү уюмдарында жана ушул бөлүмдүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык билим берүү процессин уюштурууга шарттар түзүлбөсө, окутуунун төмөнкү форматын белгилөө сунушталат:- физика, математика жана табият таануу сабактары боюнча окутуунун реалдуу режими;- гуманитардык сабактар ​​боюнча аралыктан окутуу.
Маалыматтык окутуу иштери — окуучулар, ата-энелер жана кызматкерлер арасында  өздөрүн көзөмөлдөө жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; — коронавирустук инфекцияны алдын алуу чаралары тууралуу: жеке гигиена, кол гигиенасы жана жөтөл этикетин сактоо боюнча көрсөтмө берүү;- коронавирустук инфекциянын алдын алуу жөнүндө маалыматтык-окутуу материалдарын илүү (плакаттар, дубал гезиттер ж.б.у.с.); «тынымсыз байланыш линияларынын», маалымат кызматтарынын телефондорун көрүнүктүү жерлерге илүү;- күн сайын сабактан жана класстан тышкаркы иш-чараларды  өткөрүү учурунда коронавирус инфекциясын алдын алууга багытталган «ден-соолук мүнөтүн» өткөрүү.

ЭСКЕРТҮҮ: 2 же андан ашык нөөмөттө окуу процесси жүргүзүлгөндө (окуучулар контингенти көп болгон учурда) жалпы билим берүү уюмун ачууга уруксат берүү оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча аймактык борборлордун корутундусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 329