Бишкек.13.07.2019.Govori.TV.
Кытайда Ляохэ дарыясына 6 мектеп окуучусу чөгүп кетип кaза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Сифо калктуу конушунун орто мектебинде окуган 7 окуучу бейшемби күнү Ляохэ дарыясына сууга түшкөнү барышып, 6 окуучу сууга чөгүп кеткен. Ал эми 12-июль күнү 6 окуучунун жансыз денеси табылган.
Кошумчалай кетсек, Ляохэ дарыясы Маньчжуриянын түштүгүндө орун алып, узундугу 1345 километрди түзөт.