• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

7-мартта айрым унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

6 Жалган куран 2024 18:01 Бишкек Govori.TV

Эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүү, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу аталган унаа жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 м аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 146