• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

80ден ашкан Бектур Асановдун апасы абактын алдына барды. Малчылардын жансыз денеси табылды Соңку жаңылыктар 15.02.18.

15 Бирдин айы 2018 13:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
80ден ашкан Бектур Асановдун апасы абактын алдына барды
Абактагы саясатчы Бектур Асановдун “УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызматынан кетсин, соттор ишти акыйкат тергесин” деген талап коюп, ачкачылык кармаганына бүгүн 17 күн болду. ЖАМКнын дарыгерлерин анын абалын канааттандыраарлык деп билдиргени менен, алардын жакындары катуу тынчсызданууда.“Кечээ, ал жерде жаткан Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановдордун адвокаты абакка кирип чыкты. Ага эмнегедир Бектур Асановду жолуктурушпаптыр. Сыягы абалы кескин начарлап кеткендиктен, аны жашыруу аракети болду көрүнөт. Ал эми андан кийин ачкачылыкты баштаган Кубанычбек Кадыровдун да абалы кыйындап калганын, кан басымы жогорулап жатканын адвокат айтып чыкты. Эми алар ар кандай кошумча витаминдерден да баш тартабыз дешиптир. Бүгүн, абактын алдына жакындары менен бирге 80ден ашып калган Бектурдун апасы да келип, уулунан ачкачылыкты токтотушун суранып ыйлап отурат. Алар Абдил Сегизбаев кетмейин баш тартпайбыз деп көгөрүп жатышат”,-дейт Бектур Асановдун жакындарынын бири Таалай аттуу жаран Govori.TVга.Эске сала кетсек, ачкачылык кармагандар Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдошкон. Бирок, коалициялык көпчүлүк, төрага бул маселе боюнча ооз ача элек…
Малчылардын жансыз денеси табылды 
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда он күндөн бери изделип жаткан эки чабандын сөөгү 15-февралда эртең менен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар кар астында калышкан.Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылынын тургундары, 41 жана 28 жаштагы эки чабан мал издеп кетишкен бойдон дайынсыз жоголушкан. Алар менен кеткен дагы бир адам 12-февралда кайтып келип, шериктери адашып кеткенин айткан.Издөө иштерине жергиликтүү 32 тургун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу катышты
Кыргыз спортчусу коло медаль тагынды 
Кыргыз спортчусу Самарбек Сабыржан уулу АКШда өткөн жиу-житсу боюнча мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жиу-житсу федерациясы билдирди.Маалыматка ылайык, меендешибиз Калифорния штатындагы Сайпрес шаарында Жиу-житсу боюнча өткөң мелдешке катышкан. Анда Самарбек Сабыржан уулу жеңил салмак категорияда, көк кур бөлүгүндө күчүн сынап коло медалдын ээси боло алган.

 

 

Количество просмотров: 13