Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…4,
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.
9-январда Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болот.