• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция тилектеш маршында кармалган аялдын паспортун айрып салган

9 Жалган куран 2020 10:30 Бишкек Govori.TV

Свердлов райондук ИИБдин милиция капитаны Калмурза Бактыбек «Аялдар тилектеш маршында» кармалган аялдардын биринин паспортунун бараган айрып салган. Бул тууралуу Кактус.медиа агенттиги жазды.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-мартта Жеңиш паркында тынчтык маршы өткөн, катышуучулар аялдардын укуктарын коргоону талап кылышкан. Бирок, марш белгисиздер тарабынан үзгүлтүккө учурады, маска тагынган адамдар тобу акцияга чогулгандарга жумуртка ыргытышып, кубалашкан.

Ал эми милиция маршка чыккандардын бир тобун кармап кетишкен.

Марш за права женщин: Милиционер порвал паспорт задержанной участницы (фото)
Количество просмотров: 407