• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

А. Мадумаров: Мени күнөөкөр катары көрсөтүү аракети пастык…

15 Жалган куран 2019 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV.

13-мартта кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Чырдын чыгуусуна Ворух анклавындагы унаа жолунун курулушу себеп болгон.
Окуяга байланыштуу коомчулукта «Бакиевдин убагында, тактап айтканда 2009-жылы ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун аракети менен тажиктерге өтүп кетип Баткен районунун Аксай, Актатыр, Самаркандек айыл өкмөттөрү менен Лейлек району, Сүлүктү шаары анклавда калып кетти»,-деген маалыматтар тарады.

Бул тууралуу “Govori.TV” агенттиги саясатчы Адахан Мадумаровго кайрылганыбызда, ал ооруканада дарыланып жаткандыгын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагаларынын жолугушуусу өтүп, анда чек арада коюлган постту алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Себеби, ошол учурда жарандар Баткендеги анклавга өтүү үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарга кабылып келген. Мындан улам кыргыздар өз аймагына өтүү үчүн көпүрө куруу чечими кабыл алынган. Бул чечим чоң жетишкендик болгон. Аны ошол кезде баары колдошкон. Азыр бул маселеге мени күнөөкөр катары көрсөтүү аракети пастык кадам деп атоого болот. Мага карата каралоо жүргүзүп жаткандардын бул кадамын өз абийирине койдум»,- деди Мадумаров.

Бүгүн чек арадагы маселе менен жеринде таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин беш депутаты Баткенге жөнөп кетти. Кечээ вице-премьер-министр Ж.Раззаков, ИИМ министри К. Жунушалиев, ошондой эле саясатчы К Ташиевдер барышкан.

Теги:
Количество просмотров: 15