• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Абакка баңгизат киргизүү аракетине бөгөт коюлду

20 Тогуздун айы 2023 13:24 Бишкек Govori.TV

Ошто ТИЗО-5ке баңгизат киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖАК кызматкерлери тарабынан жабык мекемелердин аймагына тыюу салынган предметтердин киргизүү каналдарына бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө камакка алынган адамдар үчүн баңги каражаттарды өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлган.

«ТИЗО-5ке азык-түлүк жеткирип келген Р. М.М. аттуу жаран текшерүүгө алынып, тамак-аш азыктарынын арасынан өзгөчө жыты бар белгисиз зат менен кызгылт сары скотч менен оролгон таңгак табылып алынган. Кармалган заттын жалпы салмагы (болжолдуу гашиш) болжол менен 1 кг түздү», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Ош шаарынын тургуну Р.М.М. жеке такси иши менен алектенерин жана аны Ош шаарынын ТИЗО-5ке азык-түлүк жеткирүү үчүн белгисиз адамдар жалдаганын түшүндүрдү.

Чогултулган материалдар мындан ары биргеликте иликтөө жана текшерүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

ЖАК бардык жарандарга тамак-аш азыктарын жана башка буюмдарды пенитенциардык мекемелерге жеткирүү жана өткөрүп берүү менен байланышкан ар кандай шектүү өтүнүчтөргө сергек болууга чакырат.

Количество просмотров: 139