• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Абылгазиев Ирандын ички иштер министрин кабыл алды

14 Аяк оона 2019 14:15 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Кыргызстан Иран менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыгы өнүгүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Иран менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр сөзүн жыйынтыктап жатып, кыргыз-иран алакасын кеңейтүү менен эки элдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык тереңдээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Иран Кыргыз Республикасын жакын өнөктөш жана дос катары кабыл алаарын белгиледи.

Анын айтымында, иран тарап Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар, ошондой эле башка тармактар боюнча да натыйжалуу өз ара кызматташтыкты кубаттайт.

Количество просмотров: 41