• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Абылгазиев: «Коопсуз шаар» башка шаарларда иштей баштайт

13 Бирдин айы 2019 13:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.


«Коопсуз шаар» долбоор алкагында жакын арада 28 жерге коюлган камералар иштей баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  ЖКККБнын Байкоо борборуна барып, «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышып жатып билдирди.

Азырынча Бишкектеги 10 жерде жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камера ишке кирди.

«Коопсуз шаар» долбоорунун баш калаадагы төрт баскычы аягына чыккан соң, башка шаарларга киргизүү боюнча тендер жарыяланат. «Биринчи кезекте Ош шаары турат, ошондой эле жол кырсыгы көп катталган ири магистралдарга, облустук борборлорго жыл аягына чейин көзөмөл камералары орнотулат»,- деди Абылгазиев .

Теги:
Количество просмотров: 18