• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Адахан Мадумаров: Чек арадагы чырдын артында бийлик турушу мүмкүн

15 Жалган куран 2019 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV

13-мартта кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Чырдын чыгуусуна Ворух анклавындагы унаа жолунун курулушу себеп болгон.

Окуяга байланыштуу коомчулукта “Бакиевдин убагында, тактап айтканда 2009-жылы ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун аракети менен тажиктерге өтүп кетип Баткен районунун Аксай, Актатыр, Самаркандек айыл өкмөттөрү менен Лейлек району, Сүлүктү шаары анклавда калып кетти”,-деген маалыматтар тарады.

Кызыгы арадан 10жыл өткөндөн кийин мындай маалымат тараганына таң калычтуу.

Бул тууралуу “Govori.TV” агенттиги саясатчы Адахан Мадумаровго кайрылганыбызда, ал ооруканада болсо да маалымат берип, төмөнкүлөргө токтолду.

“Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагаларынын жолугушуусу өтүп, анда чек арада коюлган постту алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Себеби, ошол учурда жарандар Баткендеги анклавга өтүү үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарга кабылып келген. Мындан улам кыргыздар өз аймагына өтүү үчүн көпүрө куруу чечими кабыл алынган. Бул чечим чоң жетишкендик болгон. Аны ошол кезде баары колдошкон. Азыр бул маселеге мени күнөөкөр катары көрсөтүү аракети пастык кадам деп атоого болот”,-деди.

Теги:
Количество просмотров: 39