Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV
Жарандык активист, укук коргоочу Адил Турдукулов өзүнүн КТРКнын башкы директору болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.
“КТРК жетекчини бир гана Байкоочу кеңеш эмес, элдин дагы колдоосу керек. Талапкерлерди эл тандаса, бийлик аны угуусу абзел экендиги баарына эле түшүнүктүү. Мен конкурска тийешелүү документтеримди тапшырам жана бул кызматты ээлөөгө мүмкүнчүлүгүм бар деп эсептейм. Менин бул жаатта билимим жана түшүнүгүм бар, телерадиокорпорациянын деңгээлин көтөрүүгө дараметим жетет”,-дейт Турдукулов.
Мындан сырткары азырынча Турдукулов ага тең келе алчу атаандаштын жок экендигин кошумчалады.
«Кандай болгонун көрө жатаарбыз, бирок үмүт бар. Болбосо мен документтеримди тапшырып убара болбойт элем да”, — дейт жарандык активист.
Эске салсак, ушул жылдын март айында КТРК башкы директору Илим Карыпбековдун ыйгарым укугунун мөөнөтү бүтөт.
Булак: Vesti.kg сайты