Бишкек.27.12.2018.Govori.TV
Аида Касымалиева парламенттин вице-спикери болуп дайындалды. Чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Добуш берген депутаттардын ичинен 16 депутат каршы чыгып, 91и колдоду.
Эскерте кетсек, 12-декабрда КСДП фракциясынын сунушу менен Асел Кодуранова кызматынан алынган. Ага Кодуранованын Өмүрбек Бабановдун маселесин парламентте талкулоо сунушу себеп болгондугу айтылган.
Аида Касымалиева 35 жашта. Кесиби боюнча журналист.